Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында Сот департаментинин түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Жолугушууга мекеменин ардагерлери жана облустук башкармалыктын кызматкерлери катышышты.
Майрамга карата башкармалыктын кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа уюштурулуп, куттуктоолор айтылып, эстеликке белектер тапшырылды.
Өз кезегинде ардагерлер дагы кесиптештерин майрамы менен куттукташып, иштерине ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдиришти.
Ушул сыяктуу майрамдык иш-чаралар Сот департаментинин Талас жана Ысык-Көл облустук башкармалыктарында да өткөрүлдү. Башкармалыктардын жетекчилери кесиптештерин мекеменин түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы менен куттуктап, ар бир кызматкердин сот органдарынын ишин уюштуруудагы эмгегин белгилешти. Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты кызматкерлерге Ыраазычылык каттар жана Ардак грамоталар тапшырылды.
Ал эми Баткен облусунда майрамга карата сот тутумунун кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү.
Мелдешке Баткен облустук сотунун, облустун Административдик, райондук жана шаардык сотторунун, ошондой эле Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.
Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар жана жеке оюнчулар аныкталып, атайын дипломдор жана сыйлыктар ыйгарылды.


