Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары боюнча сот приставдар кызмат бөлүмүндө өрт коопсуздугун жогорулатууга жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышып, өзгөчө кырдаал жаралганда көрүлүүчү аракеттер, өрттүн алдын алуу чаралары, эвакуация тартиби жана иш ордунда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалымат беришти.
Жолугушууда сот органдарынын имараттарында өрттүн алдын алуу маселелерине жана белгиленген талаптарды так сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Кызыл-Кыя шаары боюнча сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери өз ишмердүүлүгүндө коопсуздукту камсыз кылуу жаатында практикалык сунуштарды алышты.