Сүлүктү шаары боюнча сот приставдар кызматтык бөлүмүндө өрт коопсуздугун камсыздоо маселелерине арналган иш-чара болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө кырдаал пайда болгондо кандай аракеттерди көрүү керектиги, өрттүн алдын алуу чаралары, эвакуация тартиби жана жумуш ордунда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалымат беришти.
Сот органдарында өрттүн алдын алуу маселелерине жана белгиленген талаптарды так сактоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарага Сүлүктү шаары боюнча сот приставдар кызматтык бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, ишмердүүлүгүндө коопсуздукту камсыздоо тууралуу практикалык сунуштарды алышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү кызматкерлердин укуктук жана практикалык сабаттуулугун жогорулатууга, коопсуздук маданиятын бекемдөөгө жана жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн ишенимдүү шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.