KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусунда сот кызматкерлерине коррупцияга каршы чаралар жана кызматтык этика боюнча жолугушуулар өткөрүлдү

22 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан облустун жергиликтүү сотторунун кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү.


Жолугушуунун алкагында облустук башкармалыктын башкы адиси Айдайкан Кожокулова жана адис Алтынбек уулу Эрбол кызматкерлер арасында коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан этикалык нормаларды сактоо зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле кызматтык форманы кийүү жана расмий дресс-кодду сактоо боюнча катуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгы белгиленип, бул тартипти чыңдоонун жана коомчулуктун сот тутумуна болгон жогорку деңгээлдеги ишенимди камсыздоонун маанилүү бөлүгү экени көрсөтүлдү.


Аталган иш-чара кызматкерлердин арасында бирдиктүү кызматтык жүрүм-турум стандарттарын калыптандырууга, укуктук аң-сезимди жогорулатууга жана сот тутумунда антикоррупциялык маданиятты бекемдөөгө багытталды.