KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас облусунда сот приставдары турак жайдан мажбурлап чыгаруу жөнүндө соттун чечимин аткарууга көмөк көрсөтүштү

01 октября 2025

2025-жылдын 18-сентябрында Талас облусунун сот приставдар кызматына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Талас шаардык Сот аткаруучулар кызматынан турак жайдан мажбурлап чыгаруу боюнча аткаруу иштерине көмөк көрсөтүү тууралуу билдирүү келип түшкөн.


Талас шаардык сотунун чечиминин негизинде Талас облусунун сот приставдар кызматынын кызматкерлери иш-чарага катышып, сот аткаруучуларга аткаруу иштерин жүргүзүүдө зарыл болгон көмөгүн көрсөтүштү. Бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде «Сот приставдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык жүргүзүлдү.


Сот чечимдеринин аткарылышы – мыйзамдын үстөмдүгүнүн жана жарандардын укуктарын коргоонун маанилүү кепилдиги болуп саналат. Сот приставдар кызматы мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында өзүнө жүктөлгөн милдеттерди мындан ары да так аткарууну уланта бермекчи.