Бүгүн, 2025-жылдын 25-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Президенттин Указынын негизинде кабыл алынган «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолунун алкагында иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьялары менен аппарат кызматкерлери катышышты.
Ошондой эле иш-чарага онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери катышышты.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Уңгужолунун мекенчилдикти калыптандырууда, руханий баалуулуктарды бекемдөөдө жана өлкөнү өнүктүрүүгө умтулууда маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Уңгужолунун негизги жоболорун, максаттарын, стратегиялык маанисин жана өлкөнүн келечегине тийгизе турган таасирин кеңири түшүндүрүп беришти.
Өз сөзүндө Мелис Мураталиев мамлекеттик тил боюнча презентация өткөрүп, кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү ар бир жаран үчүн ыйык парз экендиги белгилеп, мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук кандуу пайдаланууга шарт түзүү зарылдыгын дагы бир ирет эске салды.
Иш чаранын соңунда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Марат Иманкулов менен Мелис Мураталиевге атайын келип терең мазмундуу баяндама жасап, уңгужолдун маңызын кеңири ачып бергендери үчүн терең ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгы китептерин тапшырды.
Төрага иш чараны жыйынтыктап жатып, сот тутуму дайыма мыйзамдын жана адилеттиктин ордосу катары, мамлекетибиздин башкы идеологиялык багытын колдоп, аны өз ишинде чагылдырууга даяр экенин баса белгиледи. Анткени, уңгужолду биргеликте ишке ашыруу менен мекенибиздин улуттук баалуулуктарын сактап, келечек муундарга мурас катары калтырууга салым кошобуз.