KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Алимент – бул жардам эмес, милдет

09 июля 2025

Урматтуу жарандар!


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти эскертет:

Алимент төлөөдөн качуу — бул Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинде каралган кылмыш болуп саналат.


Жоопкерчилик карыздын мөөнөтүнө жараша аныкталат:


Эгерде карыз чогулганына 12 айдан ашпаса, күнөөлүү адам төмөнкү жазаларга тартылышы мүмкүн:



  • 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул;

  • 40-100 сааттык коомдук иштер;

  • 2 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына.


Эгерде карыз чогулганына 12 айдан ашса, анда төмөнкү жазалар чектелет;



  • 1-3 жылга чейин түзөтүү жумуштары;

  • 500-1000 эсептик көрсөткүчкө чеийн айып пул;

  • 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу;


Кирешени жашыруу, айлык акыны атайылап төмөн көрсөтүү же соттун чечими менен жумушка орношуудан баш тартуу да кылмыш болуп эсептелет жана жогорудагыдай эле жазалар каралат.


Ошол эле учурда, эгерде жаран мыйзамда белгиленген тартипте карызды толугу менен төлөнсө, ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.


Маанилүү маалымат:


Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын

1-июлунан тартып Сот аткаруучулар кызматы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өтөт. Бул реформанын алкагында жоопкерчилик чараларын катаалдаштыруу, анын ичинде алимент төлөөдөн качкандар үчүн да каралууда.


Эскерте кетсек, баланын укуктарын камсыз кылуу — ар бир ата-эненин милдети жана коом алдындагы жоопкерчилиги! Балдардын келечегин камсыз кылуу үчүн ата-энелик милдеттериңизди так аткарыңыз жана алимент төлөөдөн качуу үчүн каралган катаал укуктук кесепеттерден алыс болуңуз


Алимент өндүрүү туралуу суроолор боюнча жашаган жериңиздеги сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө кайрылыңыз.