KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Карызкордон 816 970 сом өлчөмүндө алимент өндүргөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Сабыр уулу Зыпарбекке ыраазычылык каты келип түштү

14 марта 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгына көп жылдан бери алимент төлөбөй качып жүргөн карызкордон 816 970 сом өлчөмүндө алимент өндүрүп берген Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (мындан ары — САКБ) сот аткаруучусу Сабыр уулу Зыпарбекке өндүрүп алуучу Н.К.М.дан ыраазычылык каты келип түштү.


«Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан 2017-жылдын 29-августунда чыгарылган соттук буйруктун негизинде карызкор Т.К.К.дан өндүрүп алуучу Н.К.М.нын пайдасына алимент өндүрүү жөнүндө аткаруу барагы 2017-жылдын 10-октябрында Кызыл-Кыя шаардык САКБга келип түшкөн.


Карызкор алимент боюнча карызын төлөбөй качып жүргөн. Ар кандай аткаруу амалдары жүргүзүлгөнүнө карабастан, алимент төлөбөй, жашаган жерин да билдирбегендиктен, 2020-жылдын 6-февралында карызкорду издөө жөнүндө жарыялоо Кызыл-Кыя шаардык ИИБнө өткөрүлүп берилген.


Мен өндүрүп алуучу Н.К.М. 2024-жылдын 25-октябрында Кызыл-Кыя шаардык САКБнын сот аткаруучусу Сабыр уулу Зыпарбекке арыз менен кайрылгам. Сот аткаруучу Сабыр уулу Зыпарбек бир нече жолу карызкор менен сүйлөшүүлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ыкчам иш-аракетинин негизинде 2025-жылдын 1-мартына чейин чогулган 816 970 (сегиз жүз он алты миң тогуз жүз жетимиш) сом 98 тыйынды түзгөн карызды толугу менен өндүрүп берди. Сабыр уулу Зыпарбектин өз кесибине болгон так, жоопкерчиликтүү мамилесин баалап, ыраазычылык билдирем», — деп айтылат өндүрүп алуучунун ыраазычылык катында.


Ыраазычылык кат