2025-жылдын 29-майында Кызыл-Кыя шаардык Сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн имаратында Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжинин укук таануу факультетинин 1-курсунун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында улук сот аткаруучу Жыргалбек Шералиев студенттер менен тааныштыруу жолугушуусун өткөрүп, сот аткаруучулар кызматынын түзүмү, функциялары жана негизги иш багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Өзгөчө көңүл сот аткаруучу кызмат ордуна дайындалуу тартибине бурулду.
Болочок юристтер айрыкча конкурстук тандоонун шарттарына кызыгышып, талапкерлерге коюлуучу талаптар, тестирлөө процедурасы, маектешүү жана ыйгарым укуктуу органдардын акыркы чечим кабыл алуу тартиби боюнча суроолорду беришти. Студенттерге конкурстук жараяндын бардык этаптары кеңири түшүндүрүлдү.
Жолугушуунун соңунда кызматкерлер студенттерге көрсөтүлгөн активдүүлүк жана сот аткаруучу кесибине болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, окууларында жана келечектеги кесиптик жолунда ийгиликтерди каалашты.