Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө Жобонун 5-пунктун аткаруу үчүн Кызматкерлерди ротациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын башчылары жана Бишкек шаарынын сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн улук сот аткаруучулары Сот департаментинин директорунун 2025-жылдын 27-мартындагы буйругуна ылайык ротация болушту. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова Сот департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустук башкармалыктарынын жамааттарына жаңы дайындалган башкармалыктардын башчылары Кубатбек Маликов жана Динислам Кожоакматовду тааныштырды.
Белгилей кетсек, Кубатбек Маликов ротациянын алкагында Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынан которулду, буга чейин ал бир нече жылдар бою аталган башкармалыктын башчысы кызматын аркалап келген. Ал эми, Динислам Кожоакматов Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы кызматынан Нарын облустук башкармалыгынын башчысы кызматына которулду.
Эмилбек Ачикеев Чүй облустук башкармалыгынын начальниги кызматынан Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы кызматына ;
Адилет Чакиев Нарын облустук башкармалыгынын башчысы кызматынан Ош облустук башкармалыгынын башчысы кызматына;
Токтогул Ахунов Талас облустук башкармалыгынын башчысы кызматынан Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы кызматына;
Алмазбек Токтосунов Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы кызматынан Чүй облустук башкармалыгынын башчысы кызматына;
Максат Мойноков Сот департаментинин сот актыларын аткарууну камсыз кылуу боюнча башкармалыктын башчысы кызматынан Талас облустук башкармалыгынын башчысы кызматына;
Марат Болотбаев Сот департаментинин соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан Сот департаментинин сот актыларын аткарууну камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын башчысы кызматына;
Нурсултан Сагынбаев Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы кызматынан Сот департаментинин сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматына;
Нурдан Арыкбаев Бишкек шаарынын Свердлов райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кызматынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кызматына;
Эркин Сарымсаков Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кызматынан Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кызматына;
Жамиля Темирбаева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кызматынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучу кызматына;
Дастан Мурсалиев Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кызматынан Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кызматына ротация жолу менен дайындалышты.