Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Эмиль Ачикеев Чүй облусунун Кемин райондук сотунун аппарат башчысы Динара Суеркуловага Сот департаментинин ведомстволук сыйлыгын тапшырды.
Эмил Ачикеев жогорку кесипкөйлүгү, көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, кызматтык милдеттерин аткарууда демилгелүүлүгү жана жигердүүлүгү үчүн жана Чүй облусунун Кемин райондук сотунда 37 жыл бою кынтыксыз иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ардагери»медалын тапшырды.