KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин директору Баткен облусундагы соттордун материалдык-техникалык камсыздоосу менен таанышты

25 мая 2022

2022-жылдын 24-25-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен облустук сотуна, Кызыл-Кыя шаардык сотуна, ошондой эле Сүлүктү, Кадамжай райондук сотторуна барды.


Иш сапардын жүрүшүндө Сот департаментинин директору Баткен облусундагы соттордун ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жагы менен жеринде таанышты.


Ошондой эле, сот тутумундагы  санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду. Бардык соттордо сот отурумдарын аудио жана видео жазуу системаларынын иши көрсөтүлдү.