Кыргызстанда сот чечимдерин өз убагында жана толук аткаруу көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Мамлекеттик сот аткаруучулардын көп жүктөмү, материалдык жана кадрдык тартыштык — бул багыттагы негизги тоскоолдуктардан. Мындай шартта «Жеке сот аткаруучулар» институтун киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкуудан өттү. Бул туурасында кийинки сюжетте.