KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош жана Баткен облустук башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы жана терроризмди алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштурулду

02 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Ош жана Баткен облустук башкармалыктарында коррупцияны алдын алуу максатындагы жыйындар өткөрүлдү.


Ош шаарындагы иш-чарада коррупцияга каршы аракеттенүү жана терроризмди алдын алуу маселелери талкууланды.


Жыйынга Ош облустук башкармалыгынын аппарат кызматкерлери, Ош аймактык жана райондук сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн сот приставдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү Арсен Турдукулов, Даниер Сейдалиев жана Дастан Кулеков катышышты.


Катышуучулар сот имараттарында коопсуздукту камсыз кылуу, коррупциялык жана террордук коркунучтарды алдын алуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кызматкерлердин иш-аракеттеринин тартиби боюнча маалымат алышып, бул багыттагы негизги талаптарды жана милдеттерди талкуулашты.


Ошондой эле коррупциянын алдын алуу максатындагы иш-чара Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгында да өткөрүлдү.


Жыйынга Баткен облусунун улук сот приставы Нурислам Искандаров, облустун аймактык сот приставдар кызматынын улук сот приставы, район жана шаардык сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн улук сот приставдары катышып, анда жемкорлуктун алдын алуу боюнча маалымат берүү менен катар лекция окулду.


Иш-чаранын соңунда Нурислам Искандаров сот приставдарына кызматтык милдеттерин мыйзам талаптарына ылайык ак ниеттүүлүк менен аткаруу, коррупциялык укук бузууларга жол бербөө жана жемкорлуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын талаптарын так сактоо зарылдыгын белгиледи.


Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында райондук жана жер-жерлерде ай сайын түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүп туруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.