2025-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (САКБ) сот аткаруучусу тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 18-июнундагы карызкорлорду үй-бүлө мүчөлөрү менен Бишкек шаарында жайгашкан турак жайдан башка турак жай бербестен чыгаруу жөнүндөгү чечими мажбурлоо жолу менен аткарылды.
Бул соттун чечими 2013-жылы эле мыйзамдуу күчүнө кирген, бирок 12 жылдан ашык убакыт бою карызкорлор аны аткаруудан системалуу түрдө качып келишкен. Алардын укуктары жана милдеттери боюнча бир нече жолу талаптар жана түшүндүрүүлөр болгонуна карабастан, алар ар кандай шылтоолорду келтирип жана тоскоолдуктарды жаратып, соттун чечимин ыктыярдуу түрдө аткаруудан качууну улантышкан. Натыйжада, чечимди мажбурлоо жолу менен аткаруу бир нече жолу жылдырылып, бул процессти бир топко создуктуруп, анын аякташын татаалдаштырган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2025-жылдын 27-майындагы буйругуна ылайык, 2025-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун САКБнын сот аткаруучусуна чечимди мажбурлоо жолу менен аткаруу үчүн аткаруу өндүрүшү берилген.
Аткаруу барагына ылайык, төмөнкүлөр турак жайдан чыгарылууга тийиш болгон: К. Т.А., Ж. А.Ш., Т. К.М., Т. К. П., Т. К. У., Т. У.Т.
Аткаруу дайындалган күнү, 2025-жылдын 20-июнунда — карызкорлор жана алардын туугандары тарабынан соттун чечимин аткарууга тоскоолдук кылуу аракеттери жасалып, анын ичинде сот аткаруучуларга каршылык көрсөтүү жана коркутуулар болгон. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин карызкорлор турак жайды ыктыярдуу бошотууга макул болушту.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 18-июнундагы чечими толугу менен аткарылды. Аткаруу мыйзамдын талаптарына ылайык, бардык тараптардын укуктарын сактоо менен жана күбөлөрдүн катышуусунда жүргүзүлдү. Сот чечиминин толук аткарылганын тастыктаган расмий акт түзүлдү.
Соттун чечимин аткарууга ИИМдин, Свердлов райондук сот аткаруучулар жана сот приставдар кызматынын кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасы менен келген өкүлдөрү жана Свердлов районунун ИИББ кызматкерлери тартылды.