KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунун сот аткаруучуларынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу өткөн жылга салыштырмалуу 13,9 пайызга өскөн

05 февраля 2025

Бул тууралуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгында болуп өткөн Ош облусунун сот аткаруучуларынын 2024-жыл ичиндеги ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешмеде белгилүү болду.


Берилген отчеттордун маалыматтары боюнча 2024-жылы 59 018 аткаруу документтери аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 13 455тен ашык аткаруу документтер аткарылган. Өз кезегинде сот аткаруучулардын ишинин натыйжалуулугу 64,9 пайызды түзүп, 2023-жылга салыштырмалдуу 13,9 пайызга өскөн.


Жыйындын  жүрүшүндө сот аткаруучулардын иш сапатына баа берилди. Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов 2024-жылдын жыйынтыгында аткаруу өндүрүштөр боюнча 70% дан жогору көрсөткүчкө жетишкен  20дан ашык сот аткаруучуга сый акы берилерин айтып, үстүбүздөгү жылы  иш сапатынын көрсөткүчтөрүн мындан ары жогорулатууга чакырды.


Ошону менен бирге аткаруу документтерин өз убагында жана тийиштүү деңгээлде аткарууну талап кылды. Ар бир сот аткаруучу мыйзамдарды туу тутуп, кызматтык милдеттерин аткарууда өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоого, дресс-кодду тиешелүү түрдө сактоого жана мамлекеттик кызматкердин этикасынын ченемдерин сактоого, жарандарга сылык мамиле кылууга чакырды.


Кеңешмеге Сот департаментинин Ош облустук  башкармалыгынын башчысы жана облустун сот аткаруучулары катышышты.