Талас облусунун Айтматов райондук СПКБнын сот приставдары 2026-жылдын 29-январындагы Талас облусунун Айтматов райондук сотунун күбөнү мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомун аткарышты.
Сот актысын аткаруунун алкагында сот приставдары кылмыш ишин кароо боюнча 2026-жылдын 11-февралында саат 10:00до өтө турган сот отурумуна катышуу үчүн күбөнү белгиленген мөөнөттө жана ыкчам түрдө сотко жеткиришти.
Мажбурлап айдап келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, жеткирилген адамдын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары сакталган шартта жүзөгө ашырылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы Сот приставдар кызматы сот актыларын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо багытында системалуу иш алып барууну улантат.


