Коллегияда Сот департаментинин Сот актыларынын аткарылышын камсыздоо башкармалыгынын 2024-жылдагы аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматы жана облустук башкармалыктардын жетекчилеринин отчеттору угулду.
Жыйынга катышып жаткан Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүндөгү сапат маселелерине токтолуп, аткаруу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар сунуштарды берди.
Расмий маалыматтарга ылайык, республика боюнча аткаруу өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу 3 пайызга өскөн. 2024-жылы жалпысынан 442 761 аткаруу документи келип түшкөн. Алардын ичинен 59 652си, же болбосо 13 пайызы алимент өндүрүүгө байланыштуу болгон. Документтердин 63 пайызы башка мамлекеттик органдардын актылары болсо, 35 пайызын — соттук чечимдер түзгөн. Өткөн жылы 211 956 документ аткарылып, бул жалпы көрсөткүчтүн 56,1 пайызын түзгөн. Мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн каражаттын көлөмү 633 271 231 сомду түзгөн.
Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев 2024-жылы жарандардан сот аткаруучуларга карата 1315 кайрылуу келип түшкөнүн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 53кө көп экенин белгиледи. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү алимент маселесине тиешелүү болгону айтылып, ушул багытта иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.
Алимент өндүрүү боюнча иштердин алкагында 1111 аткаруу документи аткарылган. Финансылык мекемелерге жана бухгалтерияларга 2443 документ жөнөтүлүп, 1443 карызкорго издөө жарыяланган.
Мындан сырткары, жарандардын, юридикалык жана башка жактардын пайдасына 11 683 аткаруу барагы аткарылып, бул 18 пайыздык көрсөткүчтү түздү.