KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Канатбек Осмонов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

14 ноября 2024

2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Сот департаментинин жамаатына директордун жаңы орун басары Осмонов Канатбек Абдиллаевичти тааныштырды.


Нурлан Мусаев Сот департаментинин директорунун жаңы орун басарына жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.


Ошондой эле Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев жана анын орун басары Джылдыз Рыскулова кесиптешин кызматтан көтөрүлүшү менен куттуктап, ийгиликтерди кааларын билдиришти.


Канатбек Осмонов буга чейин Сот департаментинин соттук актыларды аткарууну камсыз кылуу башкармалыгынын Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.