Кыргыз Республикасынын Юристер күнүнө карата иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустак башкармалыгынын өкүлдөрү Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин студенттери менен көчмө жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун алкагында алар Сот департаментинин структурасы жана функциялары, сот системасындагы мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле юридикалык факультеттерди бүтүрүүчүлөр үчүн карьералык мүмкүнчүлүктөр жана ишке орношуу шарттары жөнүндө айтып беришти.
Өзгөчө көңүл аткаруу өндүрүшүнүн, алимент өндүрүүнүн, административдик айыптардын аткарылышына, анын ичинде «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында берилген.
Студенттер сот аткаруучуларынын ишине тиешелүү укук колдонуу тармагына тиешелүү практикалык суроолорду берип, активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча профессордук-окутуучулук курамы Сот департаментинин өкүлдөрүнө маалыматтык жана мазмундуу пикир алышуу үчүн ыраазычылык билдиришти. Сот департаменти жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана келечектеги укуктук адистердин кесиптик багытын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча ишин улантат.