Бүгүн, 2026-жылдын 9-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Канатбек Осмонов Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жамаатына жаңы дайындалган башчы — Улугбек Токтосуновду тааныштырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сот департаментинин директорунун 2026-жылдын 6-мартындагы буйругу окулуп, ага ылайык Токтосунов Улугбек Ташмурзаевич Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы болуп дайындалганы маалымдалды.
Белгилей кетсек, буга чейин Улугбек Токтосунов Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмүндө сот приставы болуп эмгектенип келген.
Мындан тышкары, Канатбек Осмонов сот приставдары менен жолугушуу өткөрүп, Жалал-Абад облусу боюнча улук сот приставы — Моминов Медербек Нишеналиевичти тааныштырды. Ал аталган кызматка Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2026-жылдын 24-февралындагы буйругунун негизинде дайындалган.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Канатбек Осмонов жаңы жетекчилердин иштерине ийгиликтерди каалап, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк жана жогорку жоопкерчилик менен аткарууга, ошондой эле сот тутумун мындан ары өнүктүрүүгө өз салымдарын кошууга чакырды.


