KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жааматына жаңы дайындалган жетекчи тааныштырылды

13 июня 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик кызмат жана кадр иштерин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жанар Иманалиева Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жааматына жаңы дайындалган башчы Жеңишбек Шерматовду тааныштырды.


Жолугушууда Шерматов Жеңишбек Ташиевичти Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы кылып дайындоо жөнүндө Сот департаментинин директорунун 2025-жылдын 10-июнундагы буйругу окулду.


Белгилей кетсек, Жеңишбек Шерматов буга чейин Ош облусунун Араван райондук САКБнын улук сот аткаруучусу кызматын аркалап келген.


Ошондой эле, Сот департаментинин директорунун 2025-жылдын 3-июнундагы буйругу менен Шермамат уулу Бексултан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине караштуу пансионат “Фемида” мамлекеттик ишканасынын директору ордуна дайындалды. Буга чейин ал Сот департаментинин Сот актыларынын аткарылышын камсыздоо башкармалыгынын Кыргыз Республикасынан убактылуу чектелген адамдарды борборлоштурулуп иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип келген.