KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин жааматына жаңы дайындалган директордун орун басары жана Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы тааныштырылды

05 декабря 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев мекеменин жамаатына жаңы дайындалган директордун орун басары Аида Осмонбекованы жана Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Канатбек Осмоновду расмий түрдө тааныштырды.


Иш-чаранын жүрүшүндө Бакыт Курманалиев жаңы жетекчилерге ишинде ийгиликтерди каалап, аларды белгиленген милдеттерди жогорку жоопкерчилик менен аткарууга жана сот тутумунун мындан ары өнүгүшүнө салым кошууга чакырды. Ал ошондой эле коюлган мамлекеттик талаптарды так жана өз мөөнөтүндө аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Кадрдык дайындоолор “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Жогорку соттун төрагасынын буйругунун негизинде ишке ашырылды.


Белгилей кетсек, Аида Жолдошовна Осмонбекова буга чейин Сот департаментинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келсе, Канатбек Абдиллаевич Осмонов Сот департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.