KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облусунун сот приставдарынын жана Ош облустук башкармалыгынын командалары кичи футбол боюнча мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

17 февраля 2025

2025-жылдын 16-февралында, Ош шаарында сот тутумунун кызматкерлери арасында Ош облустук сотунун төрагасынын кубогуна арналган кичи футбол боюнча турнир болуп өттү


Аталган спорттук мелдеште жалпысынан 11 команда ат салышып, ага Ош облусунун жергиликтүү сотторунун, Ош облусунун сот приставдарынын жана Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын курама тайпалары катышышты.


Сот тутумунун кызматкерлери турнирге жоопкерчилик менен даярданып, бүйүр кызыткан кызыктуу оюн көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында алдыңкы үч команда байгелер жана дипломдор менен сыйланышты.


Биринчи орунду Ош облустук сотунун командасы багындырса, экинчи орунду Ош облусунун Сот приставдар кызматынын курама командасы, ал эми үчүнчү орунду Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын командасы ээлешти.