KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Нарын облусунда сот имараттарын куруу жана оңдоо иштерине көзөмөл жургүзүлдү

22 августа 2025

Сот инфраструктурасынын абалына мониторинг жүргүзүү жана учурдагы долбоорлорду координациялоо максатында Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын областтык башкармалыгынын башчысы Эмилбек Жунусалиев жана башкармалыктын I категориядагы инженери Сейилкан Жусупова Жумгал жана Кочкор райондоруна иш сапары менен барышты.


Иш сапарынын алкагында сот тутумунун өкүлдөрү Жумгал райондук сотунун жаңы имаратынын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин текшеришти. Долбоорду ишке ашыруунун келечеги, ошондой эле курулуш иштерин өз убагында баштоо үчүн зарыл болгон биринчи кезектеги милдеттер талкууланды.  Андан кийин жумушчу топ Кочкор районуна барып, Тендик айылындагы Кочкор райондук сотун жайгаштырууга арналган имаратты текшерген.


Иш сапардын катышуучулары оңдоо иштеринин учурдагы абалы менен таанышып, аны сапаттуу жана өз убагында аягына чыгарууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.  Бул иш сапары Нарын облусундагы сот инфраструктурасын өркүндөтүү боюнча ырааттуу жана пландуу иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат. Бул чаралар соттордун иши үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана региондун калкы үчүн адилеттүүлүктүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган.