KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы, административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топтору боюнча ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

17 октября 2023

Улук административдик кызмат орундары (ар түрдүү профилдеги жогорку билим)


Коюлуучу талаптар:


— Кыргыз Республикасынын соттолбогон жараны болууга тийиш;


— жашы 21 ден жогору;


— жогорку билими;


— мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда бир жылдан кем эмес иштеген, же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы;


— КР Конститутциясын;


— КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын;


— КР «Нормативдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамын;


— КР «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамын;


— КР «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамын;


— КР «КР судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамын;


— КР «КРнын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Сот приставдары жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Курал жарактар жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамы;


— КР нын иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын 03.03.2020№120;


— «КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү» Жобосун14.01.2022


билүүгө тийиш.


 


Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топторуна жалпы квалификациялык талаптар:


 


1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;


2.»Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;


3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 3-март 2020 № 120.


 


Кенже административдик кызмат орундары (юридикалык багыт боюнча)


Коюлуучу талаптар:


— Кыргыз Республикасынын соттолбогон жараны болууга тийиш;


— жашы 21 ден жогору;


— жогорку юридикалык билими;


— КР «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамын;


— КР «КР судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамын;


— КР «КРнын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Күрөө жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Сот приставдары жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР «Курал жарактар жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР Үй-бүлө Кодекси;


— КР «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;


— «КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү» Жобосун14.01.2022.


 


 


Кенже административдик кызмат орундары (экономикалык багыт боюнча)


Коюлуучу талаптар:


— Кыргыз Республикасынын соттолбогон жараны болууга тийиш;


— жашы 21 ден жогору;


— жогорку экономикалык билими;


— КР «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамын;


— КР «КР судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамын;


— КР «КРнын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» мыйзамын;


— КР Бюджеттик Кодекси;


— КР «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын;


— «КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жөнүндөгү» Жобосун 14.01.2022;


— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген мамлекеттик мекеме секторунда бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобосун 30.12.2013-жылдагы №221-П билүүгө тийиш.


 


Конкурска катышуучу талапкерлер төмөндөгү документтерди даярдоосу зарыл:


— талапкердин арызы;


— өздүк баракчасы;


— өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);


— резюме электрондук почтасын көрсөтүү менен;


— сүрөт 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана (көгүш фон);


— мед. справка 0-086;


— паспорттун көчүрмөсү (конкурс өткөрүлгөн күнү талапкер паспортунун түп нускасын өзү менен кошо алып келүүгө тийиш);


— жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү нотариус тарабынан тастыкталган көчүрмөсү;


— эмгек китепчесинин нотариустан же тиешелүү адис тарабынан тастыкталган көчүрмөсү.


 


Документтер, жарыя чыккан күндөн тарта 10 иш күн аралыгында кабыл алынат.


Бардык талаптарга жооп берген талапкерлер конкурска катыша алат.


 


Конкурска катышуучу талапкерлер төмөнкү дарекке кайрылсын:


 


Баткен шаары, Т.Садыков көчөсү 56, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы.


Сурап билүү телефону: (0 36 22 ) 5-09-39.