Бүгүн, 2025-жылдын 18-апрелинде, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда жана Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдин төрагалыгы астында Сот департаментинин коллегиясынын иши улантылды. Жыйында сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана натыйжалуулугу боюнча маселелер каралууда.
“Бүгүнкү күндө сот системасына карата сын-пикирлер күчөп, Сот департаменти менен сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруунун мезгили келди. Сот адилеттигине болгон элдин ишенимин жогорулатуу — түздөн-түз силердин аракеттерге байланыштуу”, — деди Медербек Сатыев.
Сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн сынга алган Жогорку соттун төрагасы: “Аймактарды кыдырганда айрым сот аткаруучулардын аткаруу өндүрүшүнүн негиздерин билбегенине, иш кагаздарынын тартибин сактабаганына, жарандарга орой мамиле кылган учурларга күбө болдум. Эмгек тартибинин сакталбаганы, мамлекеттик милдеттердин жеке иштерге алмашып калган фактылары бар. Бул үчүн улук сот аткаруучулар жана облустук бөлүм башчылары жооптуу. Судьялар да чыгарган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш”, — деп баса белгиледи Медербек Сатыев.
Отурумга коллегия мүчөлөрү, Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, облустук башкармалыктардын башчылары, ошондой эле республика боюнча 250дөн ашык сот аткаруучулар катышууда. Коллегияда 2024-жылдагы сот аткаруучулардын ишинин жыйынтыктары чыгарылып, учурдагы жүктөм, соттук чечимдердин, мамлекеттик органдардын актыларынын жана аткаруу документтеринин, анын ичинде алимент өндүрүү боюнча аткаруу документтеринин аткарылышынын натыйжалары жөнүндө баяндамалар угулууда.