2025-жылдын 14-апрелинде Сот департаментинин коллегиясында облустук башкармалыктардын башчылары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин протоколдук тапшырмалары боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу кеңири отчет беришти.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев өткөн жылдын аягында аймактарга болгон жумушчу иш сапарынын алкагында жергиликтүү соттордун материалдык-техникалык жактан камсыздалышы, сотко кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана санариптештирүү маселелерин камтыган бир катар маанилүү тапшырмаларды берген.
Облустук башкармалыктардын башчылары аткарылган тапшырмаларды, жетишкендиктерди жана кайсы бир кемчиликтерди талдап, колго алынган иш-аракеттер тууралуу маалымат беришти. Алар ошондой эле аймактардагы сот органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн сунуштарын билдиришти.
Сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, аткаруу өндүрүшүнүн натыйжалары жана сот актыларынын аткарылышы боюнча отчет 2025-жылдын 18-апрелинде өтө турган республикалык сот аткаруучулардын жыйынында каралуусу пландалууда.
Жогорку соттун төрагасынын протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы сот тутумунун элдин кызыкчылыгына жана талаптарына жооп берүү үчүн туруктуу жана натыйжалуу иш алып баруудагы маанилүү кадам болуп саналат.
Өзгөчө көңүл бурулган маселелер:
- Жергиликтүү соттордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
- Сотко кайрылган жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- Сот процесстерин санариптештирүү аркылуу иштердин ылдамдыгын жана тактыгын арттыруу.
Жогорудагы тапшырмаларды аткаруу боюнча алынган жыйынтыктар сот тутумунун ишин жакшыртууга жана жалпы коомчулуктун сот органдарына болгон ишенимин күчөтүүгө багытталган.