KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

«Сот системасынын ишенимдүү таянычы»: Нарында Сот приставдар кызматы тууралуу видеоматериал даярдалды

28 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы Нарын облустук телерадиокомпаниясы (НТРК) менен биргеликте Сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгүнө арналган «Сот системасынын ишенимдүү таянычы» аттуу видеоматериал даярдады.


Сюжетте Сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги  багыттары, сот приставдарынын күнүмдүк кызматтык милдеттери, соттордун коопсуздугун камсыз кылуу, сот отурумдарынын жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо, ошондой эле сот актыларынын аткарылышына көмөктөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер кеңири чагылдырылган.


Мындан тышкары, видеоматериалда аталган кесиптин өзгөчөлүктөрү, кызматкерлердин жогорку жоопкерчилиги, алардын кесиптик даярдыгынын деңгээли жана сот тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу менен сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы маанилүү орду тууралуу маалымат берилет.


Аталган сюжеттин негизги максаты – коомчулукту Сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, кызматтын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзүү болуп саналат.


https://www.youtube.com/watch?v=2_gyzpYpj58