KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот департаментинин Нарын жана Чүй облустук башкармалыктары ардагерлерди 9-Май Жеңиш күнү менен куттукташты

12 мая 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын сот аткаруучулары жана сот приставдары Нарын облусунун Ат-Башы районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 100 жаштагы Сатынды Жапаровду 9-Май Жеңиш күнү менен куттукташты.


Кызматкерлер майрам ээсине көрсөткөн каармандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, материалдык жардам көрсөтүштү жана ардагерге бекем ден соолук, узун өмүр, дөөлөттүү карылык кааларын билдиришти.


Өз кезегинде Жапаров Сатынды Сот департаментинин жалпы эмгек жамаатына куттуктоолору үчүн терең ыраазычылык билдирип, элге тынчтык жана бакубатчылык каалап, ак батасын берди.


Айта кетсек, Жапаров Сатындынын бүгүнкү күндө 10 баласы, 36 небереси, 22 чөбөрөсү бар.


Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын м.а. Нурсултан Сагынбаев жана Чүй облусунун Москва райондук САКБнын сот аткаруучулары Улуу Ата-Мекендик согуштун оорук ардагери, Чүй облусун Москва районуна караштуу Нарзан айыл өкмөтүнүн тургуну Утай Мекешованы жеңиш майрамы менен куттуктуктап, материалдык жардам көрсөтүштү.