Ыйык Орозо айт майрамынын алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы сот приставдары кызмат бөлүмү менен биргеликте гумандуулуктун, өз ара көмөктөшүүнүн жана коомдук биримдиктин принциптерин бекемдөөгө багытталган кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү.
Мекеменин кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган Нарын шаарынын эки үй-бүлөсүнө азык-түлүк түрүндө материалдык жардам көрсөтүштү.
Иш-чаранын негизги максаты болуп коомчулуктун көңүлүн социалдык жактан аялуу категориядагы жарандарды колдоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо маселелерине буруу, ошондой эле алардын коомдук жашоого толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан социалдык колдоого муктаж адамдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган ар кандай иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт.


