Иш-чарага Башкармалыктын кызматкерлери, ошондой эле Нарын аймактык сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
Катышуучулар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын эрдигине таазим кылышты.
Курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.
Мындан тышкары, катышуучулар Улуу Жеңиштин тарыхый мааниси, ата-бабаларыбыздын баатырдыгы жана алардын мурасын сактоонун маанилүүлүгү тууралуу сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын соңунда Башкармалыктын жетекчиси Эмилбек Жунусалиев жаш муунду патриоттук сезим менен тарбиялоонун, тарыхый эс тутумду сактоонун, өлкө тарыхындагы маанилүү окуяларга болгон урматты жогорулатуунун жана мекенчилдик сезимди арттыруу маанилүү экенин белгиледи.


