Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу тууралуу маселелерди талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Жунусалиев кызматкерлер менен 2025-жылдын 20-августундагы ведомстволор аралык жумушчу топтун чечимин талкуулап, коррупцияга каршы аракеттенүү чараларын ишке ашыруу жана анын алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Жыйындын жүрүшүндө аталган чечимди так аткаруу жана бекем сактоо боюнча талаптар коюлуп, башкармалыктын бардык деңгээлдеринде коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Ушундай эле кеңешме 2025-жылдын 4-сентябрында Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурислам Искандаров тарабынан өткөрүлдү. Өз сөзүндө ал ар бир кызматкер өзүнүн милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткаруусу коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
Иш чаралар 2025–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында болуп өттү.