KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

«Фемида пансионаты» мамлекеттик ишканасына жаңы директор дайындалды

11 мая 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Фемида» пансионаты мамлекеттик ишканасынын директору болуп Абдыжапаров Канат Туратбекович дайындалды.


Дайындоо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун 2026-жылдын 30-апрелиндеги буйругуна ылайык ишке ашырылды.


Канат Туратбекович 1997–2001-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде «Бизнес жана менеджмент / Дүйнөлүк экономика» адистиги боюнча билим алган. Башкаруучулук багытта мол тажрыйбага ээ.


Ар кайсы жылдары мамлекеттик ишканаларда жооптуу кызматтарды аркалап келген. Учурдагы дайындоого чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Рух Ордо» маданий борборунун директорунун орун басары кызматын ээлеп келген.