KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

«Pay 24» мобилдик тиркемеси аркылуу соттук карыздарды текшерүү кызматы менен техникалык интеграциялоо маселелери талкууланды

24 декабря 2024

2024-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде жумушчу топтун төрагасы, директордун орун басары Канатбек Осмоновдун жетекчилиги алдында «Pay 24» жеке компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө «Pay 24» мобилдик тиркемеси аркылуу соттук карыздарды текшерүү сервиси менен техникалык интеграциялоо, аткаруучулук жыйымдарды төлөө жана бул кызматтарды бардык терминалдарга чыгаруу маселелери талкууланды.


Интеграция маселелери менен катар жарандарга мамлекеттик алымды тиркеме жана терминалдар аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү маселелери талкууланды.


Сот департаментинин жумушчу тобу жана жеке өнөктөштөр жогоруда аталган долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу жана жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн чечүүнү талап кылган  бир катар атрыкчылыктуу милдеттерди аныкташты.