KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Чет өлкөгө чыгууну пландаштырган жарандар үчүн кулактандыруу

13 августа 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти 2025-жылдын 15-августунда саат 20:00дөн 18-августунда саат 00:01ге чейинки аралыкта «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» (ААК «УББР») жана «Укук бузууларды автоматтык түрдө каттоо» (ААК «УБАТК») автоматташтырылган маалыматтык системаларын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы «Укук» мамлекеттик мекемесинин серверлеринен Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин серверлерине көчүрүү боюнча техникалык иштер жүргүзүлөрүн билдирет.


Көрсөтүлгөн мезгилде укук бузуулар үчүн айып пулдарды төлөө, ошондой эле Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин пайдалануу менен байланышкан башка операциялар убактылуу жеткиликсиз болот. Буга байланыштуу, көрсөтүлгөн мезгилде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууну пландаштырган жарандарга укук бузуулар үчүн айып пулдардын бар-жогун алдын ала текшерип, зарыл болгон учурда техникалык иштер башталганга чейин бардык маселелерди жөнгө салуу сунушталат, анткени айып пулдарды төлөө жана четке чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салуу мүмкүн болбой калат. Түшүнүү менен кабыл алганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз жана мүмкүн болгон ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн өз иш-аракеттериңизди пландаштырууда бул маалыматты эске алууңуздарды суранабыз.