KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн ЖМКлар менен өз ара аракеттенүү боюнча онлайн семинар

06 февраля 2026

Коомдук пикирди калыптандырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана социалдык тармактардын ролу өсүп жаткан учурда сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан «Сот тутумунун ЖМК менен өз ара аракеттенүүсү, социалдык тармактарды пайдалануу» темасында бир күндүк онлайн семинар өткөрүлдү.


Семинарда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пресс-катчылары Чынара Мамытканова жана Изати Шугуралиева, ошондой эле чакырылган тренерлер — медиаэксперт Каныбек Темиров, санариптик технологиялар жана SMM боюнча адис Светлана Марголис лекторлор болушту.


Иш-чара пресс-катчылардын кесиптик компетенциясын жогорулатууга жана коммуникация тармагындагы практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Семинардын жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнүн заманбап ыкмалары, сот органдарынын ишмердүүлүгүн калкка жеткиликтүү юридикалык тилде түшүндүрүү, пресс-релиздерди жана жаңылык материалдарын даярдоо, кризистик коммуникациялар шартында иш алып баруу, ошондой эле социалдык тармактарды жана визуалдык контентти натыйжалуу пайдалануу маселелери каралды.


Контент-пландоого жана коммуникациялык стратегияны түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, семинардын алкагында басма сөз кызматынын ишинде жасалма интеллекттин инструменттерин колдонуу боюнча онлайн-мастер-класс өткөрүлдү.


Иш-чаранын соңунда күнүмдүк практикада кетирип жаткан мүчүлүштүктөр талкууланып, өз ара тажрыйба алмашуу болуп, семинар жыйынталды.