KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Сиз кышкы каникулду жылуу өлкөлөрдө өткөрүүнү пландаштырып жатасызбы? Же жөн эле эс алуу үчүн чет жакка чыгасызбы? Өлкөдөн чыгууга чектөө жок экендигин текшерүүнү унутпаңыз! Эч тынчсызданбай, эс алуудан ырахат алуу маанилүү!

20 декабря 2024

Сот аткаруучулардын багыты боюнча карыздардын бар экенин кантип текшерсе болот?


Шилтеме боюнча өтүңүз: http://suddep.sot.kg



  • «Карызкордун ПИН» талаасына өзүңүздүн ИННди (паспорттун арткы бетиндеги 14 орундуу номерди) киргизиңиз.

  • «Мен робот эмесмин» деген кутучаны белгилеңиз.

  • «Издөө» баскычын басыңыз.

  • Жыйынтыгын алыңыз.


Ошондой эле аталган сервис «Түндүк» порталы менен интеграцияланган (www.portal.tunduk.kg), карыз жөнүндө толук маалыматты андагы жеке кабинеттен да билсе болот.


Мындан сырткары, «Мбанк» мобилдик тиркемесинде карыз абалын текшерүү мүмкүнчүлүгү бар.


Сот департаментинин Кыргыз Республикасынан убактылуу чектелген адамдарды борборлоштуруп иштеп чыгуу бөлүмү Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгуусуна убактылуу чектөөлөрдү ыкчам алып салуу максатында күнү-түнү нөөмөт жүргүп келет.


Убактылуу чектөөлөрдү шашылыш алып салуу боюнча кырдаалдар келип чыккан учурларда төмөнкү телефон номерине чалуу аркылуу кайрылуу зарыл.


Телефон: 0312-25-01-54 (күнү-түнү иштейт).