Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш сектору тарабынан «Регион ТВ» менен биргеликте «Сот залындагы тартипти кимдер камсыздайт?» аталышындагы маалыматтык видеоматериал даярдалды.
Видеоматериал калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана жарандарды Бишкек шаарынын Сот приставдар кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында тартылды. Анда сот приставынын укуктук макамы, ыйгарым укуктары жана кызматтык ишинин негизги багыттары тууралуу баяндалат.
Видеоматериалда сот приставы мамлекеттик кызматчы жана мамлекеттик бийликтин өкүлү экени белгиленет. Кыргыз Республикасынын «Сот приставдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, сот имараттарында жана сот залдарында коомдук тартипти камсыздап, судьялардын жана сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылары, сот аткаруучуларга аткаруу иштерин жүргүзүүдө көмөк көрсөтүп, ошондой эле сот имараттарын кайтарары белгиленет.
Мындан тышкары, сот приставдары тарабынан сотко жүйөлүү себептерсиз келбей койгон тараптарды мажбурлап алып келүү жөнүндө соттун токтомдорун аткаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Сюжетте мындай чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерде жана тартипте гана колдонулары түшүндүрүлөт.
https://www.youtube.com/watch?v=o18_SHxIkOo


