Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облусунун Сот приставдар кызматы тарабынан Каракол аймактык Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгү туурасында видеорепортаж даярдалды.
“Сот приставдарынын милдеттери” аталышындагы видеоматериалда сот приставдарынын негизги милдеттери көрсөтүлүп, соттордун токтомдорунун аткарылышын тааныштыруу менен катар аталган кызматтын аткарган иштери баяндалган.
Ал эми даярдалган материалда Каракол шаарындагы сот приставдарынын күнүмдүк жумушу, соттук отурумдардагы коопсуздукту камсыздоо жана мыйзамдуулукту коргоо көрсөтүлгөн.
Кененирээк төмөндөгү шилтемеде: https://www.youtube.com/watch?v=_Yy6hr2c-4k&t=4s


