Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан Искаков Закир Мадышовичке таандык MERSEDES BENZ V220 үлгүсүндөгү 2003-жылы чыгарылган 09 KG 251 AAY мамлекеттик номериндеги автоунаасын ачык соода-сатыкка коюлат.
Автоунаанын баштапкы (старттык) баасы 469 500 (төрт жүз алтымыш тогуз миң беш жүз) сом.
Ачык соода-сатык 2024-жылдын 04-декабрында саат 10:00 дө мүлк жайгашкан даректе, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өтөт.
Сатыкка катышууну каалагандар сатык боло турган күндөн бир күн калганга чейин мүлктүн баштапкы баасынын 5 пайызын соода-сатык өткөрүлгөнгө чейин Жети-Өгүз райондук САКБнүн депозиттик эсебине кепилдик төлөм катары төлөп берүү менен сатыка катыша алат. Соода-сатыкта утуп алган адамдын төккөн кепилдик суммасы сатып алуу баасына кошулат. Соода-сатыкта жеңилген катышуучуларга алдын ала төлөнгөн кепилдик суммалары соода-сатык аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кайтарылып берилерин түшүндүрөт.
Соода-сатыкта уткан адам жети күндүн ичинде соода-сатыктын алдында төккөн сумманы кошо эсептөө менен мүлктүн сатып алынган суммасын толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү.
Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн депозиттик эсеби: ОАО РСК Банк Кызыл-Суу филиалы, э/сч 4404022100000425, БИК440402, №лицевой счет 4404022100000425, толоо коду 14238900, Багытталышы: соода сатыкка катышуу үчүн.
Байланыш телефону: 0702-153-952 сот аткаруучу Шерипов К.У., Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн дареги: Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Ибраев көчөсү №57.