KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Каракол шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү кыймылсыз мүлккө экинчи ирет ачык соода-сатык жарыялайт

09 октября 2024

Каракол шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмү: 16.03.2017-жылдагы №2-1342 сандуу мыйзам боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн негизинде Менчик ээси Ыбыраев Асылбек Каниметовичке таандык, күрөөдө турган: Батирдин жалпы аянты 75,6 кв.м (чарчы метр) түзгөн, турак аянты – 51,4 кв.м (чарчы метр) түзгөн, Каракол шаарынын Кыштобаева көчөсүнүн №66/18-20 турак батирин (идентификациялык коду: 2-01-01-0016-0008-01-012), сатуу үчүн экинчи ирет ачык соода-сатык (аукцион) жарыялайт.


Аукцион 2024-жылдын 26-ноябрында саат 15:00 до, Каракол шаарынын, Кыштобаев көчөсүнүн №66/18-20, кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жеринде өтөт, баштапкы баасы старттык баасы 1 813 333 (бир миллион сегиз жүз он үч миң үч жүз отуз үч) сом.


Аукционго катышууну каалагандар, аукцион болоорго бир күн калганга чейин Каракол шаардык САКБнын депозиттик эсебине  күрөөгө коюлган мүлктүн баштапкы баасынын 5%  (беш пайыз) өлчөмүндөгү кепилдик акчасын салууга тийиш.


Аукциондун уюштуруучусу: Каракол шаардык САКБнүн сот аткаруучусу Элбиков С.Т.


Кошумча маалымат алуу үчүн Каракол шаардык сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө төмөнкү дарекке кайрылыныздар: Каракол шаары, Тыныстанов көчөсү №15, байланыш телефондору 0 (3922) 5-58-12, 0500 08 04 88.