KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ысык-Көл облусунун сот аткаруучулары менен сот приставдарынын үстүбүздөгү жылдын 1-кварталындагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды

29 апреля 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгында облустун сот аткаруучуларынын 2025-жылдын 1-кварталындагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды.


Жыйында 1-кварталда аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү, натыйжалары, аткарылып жаткан иштер тууралуу маселелер талкууланды.


Белгилей кетсек, 2025-жылдын 3 айында облустун райондук жана шаардык САКБнө жалпысынан 13 909 аткаруу документтери келип түшүп, анын ичинен 2 494 аткаруу документи алимент өндүрүү тууралуу болгон. Мамлекеттин, жарандардын жана юридикалык жактардын пайдасына өндүрүлө турган аткаруу документтердин саны 11 415 түзгөн, анын ичинен 4031 аткаруу барактары аткарылган. Бул жалпысынан 35,31% түзгөн.


Кеңешме Сот департаментинин  Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликовдун, Ысык-Көл облустук башкармалыгынын бөлүм башчылары менен облустун сот аткаруучуларынын катышуусунда өттү.


Ошондой эле Ысык-Көл облусунун жергиликтүү Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн үстүбүздөгү жылдын 3 айындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү.


Жыйналыштын жүрүшүндө улук сот приставдарынын статистикалык отчетторунун жыйынтыгы угулуп, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери талкууланды.


Ысык-Көл облусу боюнча 2025-жылдын 3 ай ичинде Сот приставдар кызматына 76 мажбурлап аткаруу токтому келип түшкөн, анын ичинен 62 токтом толук аткарылып, жалпы пайыздык көрсөткүч 81,5% түзгөн. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусу боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн сот приставдары 3584 сот отурумунун катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылышып, 434 адам сот отурумдарына камсыз болушкан.


Иш чарага Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, Сот департаментинин  Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликов, Ысык-Көл облустук башкармалыгынын улук сот приставы Актилек Рыскулов жана облустун Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн жалпы сот приставдары катышышты.