KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ысык-Көл облусунун сот аткаруучуларынын 2024-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды

31 октября 2024

Ысык-Көл облусунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн үстүбүздөгү жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгүн жыйынтоочу кеңешме 2024-жылдын 25-октябрында өткөрүлдү.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Нурсултан Сагынбаев,  Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын  Сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Бекзат Асанбеков  жана облустун сот аткаруучулары катышышты.


Нурсултан Сагынбаев жыйынды ачып, сот аткаруучуларды 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык юбилейи  менен куттуктап, айрым сот аткаруучуларга жана иш кагаздарын алып баруучуларга   “Ардак грамоталарды” жана “Алкыш баракчаларын”  тапшырып, иштерине ийгиликтерди каалады.


Ысык-Көл облусундагы ар тармактагы мекеме, ишканалардын жетекчиликтери жана кызматкерлери  да Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык юбилейи менен сот аткаруучуларды жана Сот департаментинин кызматкерлерин куттуктап,  өздөрүнүн сыйлыктарын тапшырып, ийгиликтерди каалаашты.


Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдын 9-айдын жыйынтыгы боюнча облустун улук сот аткаруучуларынын ишмердүүлүгү боюнча статистикалык отчеттору угулуп, Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу”  Мыйзамынын талаптарына ылайык,  милдеттерин так, туура аткарылышы, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды.


Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы кызматкерлерди аткаруу документтерин толук, өз убагында жана натыйжалуу аткарылышына бардык чараларды көрүүгө жана өз ишинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кысымга алынышына жол бербөөгө чакырды.


Ошондой эле Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жамааты Сот департаментинин ардагерлери Болдукан Асангожоеваны жана Оторбай Джаркынбаевди Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык юбилейи менен куттуктап, белектерди тапшырды.