KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Талас жана Нарын облустарынын сот аткаруучуларынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталды

27 января 2025

2025-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас  облустук башкармалыгында Талас облусунун  Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн сот аткаруучуларынын 2024-жыл ичиндеги ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме болуп өттү.


Жыйынга Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы, кызматкерлери жана облустун сот аткаруучулары катышышты.


Кеңешменин жүрүшүндө сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүнүн сапатына баа берилди. Сот аткаруучулар тарабынан аткарылган аткаруу документтеринин негизги көрсөткүчтөрү, натыйжалары, соттук чечимдерди жана башка мамлекеттик органдардын актыларын өз убагында аткаруу маселелери талкууланып, ишмердүүлүктөгү жетишкендиктери белгиленип, кемчиликтерди жоюу жолдору каралды.


Талас облустук башкармалыгынын башчысы Токтогул Ахунов сот аткаруучулардан аткаруу өндүрүштөрүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатууну талап кылып, САКБнын улук сот аткаруучуларына аткаруу документтеринин аткарылышынын деңгээлин жана сапатын көтөрүүнү, кызматтык милдеттерди аткарууда ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоону,   мамлекеттик кызматкердин этикасын сактап, жарандарга сылык мамиле кылууга чакырды.


Мындан сырткары “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 31.12.2024-жылдагы №209 сандуу Мыйзамынын нормаларына түшүндүрмө берилип, кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөргө же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги эскертилди.


Ушундай эле кеңешме 2025-жылдын 31-январында Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгында өткөрүлдү.


Жыйынга Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Адилет Чакиев, улук сот пристав Эмилбек Жунусалиев, Башкармалыктын кызматкерлери, облустун сот аткаруучулары жана сот приставдары катышып, ишмердүүлүк боюнча отчеттор угулду.


Кеңешменин жүрүшүндө Сот приставдар кызматынын улук сот приставы Эмилбек Жунусалиев тарабынан сот приставдардын өздүк курамы боюнча саптык кароо жана инструктаж жүргүзүлүп, кызматкерлердин формалык кийимдери, кызматтык жетондору, кызматтык күбөлүктөрү, атайын каражаттары текшерилди.


Жыйындын жыйынтыгында  Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Адилет Чакиев Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөр киргизилгендигине токтолуп,  кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөргө же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестигин белгиледи. Ошондой эле, жылдын мыкты кызматкерлерин сыйлыктар менен сыйлады.