KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

КРдан чыгууга убактылуу чектөөлөр жөнүндө маалымат алуу тартиби

19 июня 2025

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти билдирет:


 


Жумуш күндөрү жарандар жашаган жери боюнча Сот департаментинин облустук башкармалыктарына кайрыла алышат.


 


Дем алыш жана майрам күндөрү бирдиктүү номер иштейт: (0312) 25-01-54.


 


Облустук башкармалыктарда ЕСУВМ базасына жеткиликтүүлүк бар жана жумуш убактысында керектүү маалыматты беришет.