KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Жогорку соттун төрагасы Сот департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышты

18 ноября 2024

2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде болуп, күтүүсүз текшерүү жүргүздү.


Текшерүүгө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары, Бишкек шаардык сотунун судьясы Рахат Каримова, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Сулайман Мыкыев жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышышты.


Төрага аппарат кызматкерлеринин ишке өз убагында келип жатканын, дресс-коддун сакталышын текшерип, жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы боюнча сурады. Сот департаментинин түзүмдөрүнүн башчылары жана бөлүм башчылары менен жыйын өткөрүп, буга чейин берилген тапшырмалар, аткаруу өндүрүшүнун аткарылышы, материалдык-техникалык жактан камсыздоо, соттордун имараттарын реконструкциялоо жана жаңыларын куруу, ошондой эле санариптештирүү маселелерин көтөрдү.


Медербек Сатыев сот аткаруучулардын жана сот приставдардын көйгөйлөрүн чечүү, ошондой эле Сот департаментинин ишмердүүлүгүн тез арада жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды.