KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Тааныштыруу, текшерүү жана тапшырмалар: Башкы сот приставынын Талас облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыктары

21 апреля 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова жана Сот департаментинин Сот приставдар кызматынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Жаназар Жумагулов Талас облусунда иш сапарында болушту.


Иш сапардын алкагында Джылдыз Рыскулова Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна ротация иретинде дайындалган Максат Мойноковду облустук башкармалыктын жамаатына тааныштырды.


Мындан сырткары Талас облусу боюнча Сот приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Өзгөчө көңүл өздүк курамдын иш алып баруусуна, сот приставдарынын кызматтык бөлмөлөрүнүн абалына, материалдык-техникалык камсыздоого, көзөмөл-өткөрүү жайларынын иштешине жана жалпы кызматтык шарттарга бурулуп, кызматкерлерге практикалык колдоо көрсөтүлдү.


Иш сапардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулова Талас облусунун Сот приставдар кызматынын улук сот приставына сот приставдарынын кызматтык шарттарын дагы жакшыртуу боюнча жана ишмердүүлүктү өркүндөтүү боюнча бир катар протоколдук тапшырмаларды берип, белгиленген мөөнөттө аткарууну тапшырды.