KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн

Ош облустук сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставдарына класстык чендер берилди

18 ноября 2024

2024-жылдын 15-ноябрында Ош облустук сот приставдар кызматынын улук сот приставы Руслан Моллоумаров аталган бөлүмдүн беш сот приставына кезектеги атайын класстык чендерди тапшырды.


Класстык чендерди ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2024-жылдын 22-октябрындагы №300 сандуу буйругунун негизинде жүргүзүлдү.


Класстык чендерди ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобонун негизинде берилди.