Бүгүн, 2026-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгы 17-май — Энелер күнүнө карата Нарын облустук телерадиокомпаниясы менен биргеликте Нарын облусунун Нарын аймактык Сот приставдар кызмат бөлүмүнүн сот приставы Байшериева Гүлайым Жаныбаевна тууралуу «Үзүрлүү эмгектен баар тапкан айым» аттуу видеорепортаж даярдады.
Репортажда Гүлайым Байшериева өз кесибинин жоопкерчилиги, кызмат учурундагы кыйынчылыктар, басып өткөн эмгек жолу, үй-бүлөсү жана алдына койгон максаттары тууралуу кеңири баяндап берди.
Ал өз сөзүндө сот приставынын кызматы чыдамкайлыкты, тактыкты жана адамдар менен туура мамиле түзө билүүнү талап кыларын белгилеп, ар бир ишке мыйзамдуулуктун жана ак ниеттүүлүктүн негизинде мамиле кылуу башкы принцип экенин белгиледи.
Ошондой эле ал энелик милдетти мамлекеттик кызматтагы жоопкерчилик менен айкалыштырып келерин, ал эми үй-бүлөнүн колдоосу ар бир ийгиликтин бекем негизи экенин баса белгиледи.
Видеорепортаждын негизги максаты — энелердин коомдогу ордун, үй-бүлөдөгү жана мамлекеттик кызматтагы эмгегин даңазалоо, ошондой эле аялдардын кесипкөйлүгүн жана Мекенге болгон ак кызматын чагылдыруу болуп саналат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде «Энелер күнү» белгиленип келет. Энелер күнү мээримдүүлүктүн, чыдамкайлыктын жана сүйүүнүн символу катары ар бир адам үчүн өзгөчө мааниге ээ.
https://www.youtube.com/watch?v=XA_YZK0b3Kk


